Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-мартта саат 15:40 чамасында Чуйков менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция эркек киши 35-40 жаштарда экенин кабарлап, маркумдун өздүгүн аныктоого жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 175-177 см, чачы ак-кара, сол ийнинде, мойнунда кыздын сүрөтү түшүрүлгөн татуировка, үстүңкү жаагында темир тиши бар.
Милиция аталган адам тууралуу маалыматы бар адамдардан төмөнкү телефон номурлары боюнча кабарлап коюуну суранат: 0(704) 102-702, 0(554) 102-148, 0(312) 54-32-48 же 102.