• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды

19 Бирдин айы 202110:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бекилип калган үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү саат 20:44тө ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан батирдин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1957-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

«Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 184