• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте эски трансформаторлор алмаштырылууда

16 Тогуздун айы 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилинен өтүүгө жабдууларды даярдоо максатында күч трансформаторлорун алмаштырууда. Бул тууралуу аталган ишканын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Төмөнкү Ала-Арча айылында Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТ кызматкерлери тарабынан күч трансформатору алмаштырылды. Жаңы трансформатордун кубаттуулугу 250 кВА түзөт, бул эски трансформатордон 90 кВАга көп. Бул иштер 2023-жылдын капиталдык курулуш планынын алкагында жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, күч трансформаторлору филиал — электр тармактары ишканалары үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан сатылып алынган. Алардын ичинен 28 трансформатор Бишкек электр тармактар ишканасына өткөрүлүп берилди.

Бул иштер сапатын жакшыртууга жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Количество просмотров: 56