• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте интернеттеги жалган маалымат боюнча мыйзамды ишке ашыруудагы тобокелдиктер талкууланууда

9 Жалган куран 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарында интернеттеги такталбаган маалымат боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ага Кыргызстандын медиа секторунун өкүлдөрү, жарандык активисттер жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышууда.

Медиа сектордун өкүлдөрүнүн айтымында, интернетте анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун долбоору коомдук талкууга коюлган редакциясы кабыл алынган учурда демократиялык өнүгүүгө жана маалыматтык коопсуздукка жол берилгис коркунучтарды жаратат жана Конституциясында белгиленген нормалардын жана принциптердин, Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин бузулушуна алып келет.

Медиа эксперт, юрист Акмат Алагушевдин айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору айрым эркин маалымат сайттарына терс таасирин тийгизип калуусу ыктымал.

«Мыйзам долбоору фейк аккаунттардын ишин бөгөттөй албайт, а тескерисинче айрым интернет сайттарга каршы иштеп калуусу мүмкүн», — деди ал.

Ал эми министрликтин өкүлү Салкын Сарногоева мыйзам долбоору боюнча учурда атайы түзүлгөн комиссия иш алып барып жатканын белгилеп өттү.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын медиа сектору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылуу жолдоду.

Количество просмотров: 73