• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте үйүн таштанды жагып жылыткан жаран айыпка жыгылды

6 Үчтүн айы 2021 15:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында үйүн таштанды жагып жылыткан аялга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы жер тамдардын биринен коюу чыккан кара түтүн боюнча даттануу келип түшкөн. Териштирүү учурунда үй ээси Г.Н.О. аттуу аял тыюу салынган таштандыларды жагып үйүн жылытып жатканы аныкталган.

«Буга байланыштуу тийиштүү иштер жүргүзүлүп, үй ээсине 5500 сом айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Мэрия тургундарды шаардагы экологияга аяр мамиле кылууга чакырат.

Количество просмотров: 6137