• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Бишкекте эки унаанын кагышуусунан жол четинде квас сатып отуруп жабыркаган аял көз жумду

11 Аяк оона 2018 16:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Кечээ, 10-сентябрь күнү Бишкектин Түштүк магистраль жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде эки унаа кагыша кетип, бири жол четинде квас сатып отурган аялды сүзүп кеткен. Жол кырсыгынан жабыркаган аял каза болуп калганын 11-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жабыркаган аял саат 17:50 чамаларында ооруканага жеткирилген. Анын абалы өтө оор абалда болгон. Саат 23:05те алган жаракатынан улам көз жумган.

 

Количество просмотров: 17