Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдке 26-апрелден 10-майга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин милиция кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Атайын багыты полкунун кызматкерлери тартылган.
«Иш-чаранын жүрүшүндө 45 жаран РИИБдин милиция бөлүмүнө жеткирилип, өзүгү такталып кол издери алынды. 16 жаран майда бейбаштык беренеси менен убактылуу кармалып, чогултулган материалдар Биринчи май райондук сотуна жиберилди»,-деп жазылат маалыматта.