Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV
Бишкекте балбан Кожомкул Каба уулу арналган музей ачылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Каба уулу Кожомкул Эл аралык коомдук фондунан билдиришкен.
Маалыматка ылайык,саамалык балбандын 130 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырылууда.
«Жаңы ачылып жаткан музейден айтылуу балбандын өзүнө таандык кийим-кече жана буюмдары, фотоаппаратка тартылган эксклюзивдүү сүрөттөрү жана башка сейрек кездешүүчү экспонаттарды табууга болот», -деп билдиришти уюштуруучулар.
Музейдин ачылыш аземи 5-февралда 11:00дө Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алат.