• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте курч ичеги-карын инфекциясы менен ооругандар көбөйүүдө

9 Кулжа 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, өткөн жылдын 600 учуруна каршы бул жылдын 5 ай ичинде курч ичеги инфекциясынын 799 учуру катталган. Оорунун көрсөткүчү 29,9% га жогорулагандыгы байкалууда.

518ге каршы аныкталбаган этиологиядагы энтериттердин катталган 723 учуру 2020-жылдын ушул мезгилине карата (34,2%га өскөн). Курч дизентерия менен оору 40% га өстү. Көпчүлүк учурда эки жашка чейинки балдар оорушат, бул балдарды багууда ата-энелер тарабынан өздүк гигиенанын сакталбагандыгына, ошондой эле сапатсыз жана туура сакталбаган тамак-аш азыктарын пайдаланууга байланыштуу болот.

Оорунун өсүшү көбүнчө шаардын турак-жай конуштарында катталат, буга турак жайларды ичүүчү суу менен камсыздоонун жетишсиздиги, суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашы, айрыкча күндүз, крандагы сууну үй чарбаларын жана үй тиричилик жана сугат сугарууга пайдалангандыктан.

Ошондой эле, акыркы жумада Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына курч ичеги-карын инфекциясы белгилери менен кайрылууларынын өсүшү байкалууда.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын учурдагы абалы боюнча шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы ооз регидратация пунктарынын ишин күчөтүү, курч ичеги-карын инфекциясынын алдын алуу жана жеке гигиена боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди курч ичеги-карын инфекциясынын белгилери байкалса өз алдынча дарыланбастан, үй-бүлөлүк дарыгерге өз убагында кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Ден соолугуңуздарга сак болгуңуздар!

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 116