Бишкекте бүгүн, 4-апрелде «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү.
Тынч жүрүш Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин болуп, конституциялык реформага байланышкан талаптар коюлду.
Жүрүштүн уюштуруучусу Улан Үсөйүндүн айтымында, бул марш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдындагы соңку иш-чара.
“Биз бийликти Венеция комиссиясынын пикирин эске алууга чакырабыз. Жарандарды укугунан ажыраткан, тең салмактуулукту бузган, бийликти бир колго топтогон эмес, биз сыймыктана турган Баш мыйзамды каалайбыз”,-деди ал.
«Баштан башта» кыймылы демилге кылган «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде өтүп келаткан.