• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте паспорту жана маршруттук кагазы жок 64 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген

19 Чын куран 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарында бир күн ичинде өздүгүн тактаган документи жана маршруттук кагазы жок 64 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 64 жаранга карата ар кандай тартип бузуулар боюнча 139 протокол түзүлгөн.

«Милициянын кайгуул кызматы тарабынан райондук ички иштер башкармалыктарына 36 жаран жеткирилген: 20 эркек, 16 аял киши. Жол эрежелерин бузган жарандардын саны 116», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Количество просмотров: 68