• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү

2 Чын куран 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлгө алынып, санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акимчиликтердин мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте базарлардагы, соода борборлорундагы, супер маркеттердеги, кафелердеги жана башка ишкердик субъекттериндеги соода түйүндөрүн кыдырып, коомдук транспорттун салондорун текшерүүдө.

«Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150-беренеси боюнча жалпы 37 миң сомго тогуз административдик протокол түзүлдү. Тилекке каршы, Свердлов районунун аймагында ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык эрежелерди сактабаган көптөгөн фактылар аныкталды. Октябрь районунда 78 чарба субъектиси текшерилип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 293-берене боюнча 13 протокол түзүлүп, 26 эскертүү берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 2500