• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте «Шоронун» сатуучусун унаа сүзүп кетти

4 Бугу 2021 8:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жеңил унаа «Шоро» суусундугун саткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-май күнү катталган. Анда Садырбаев Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота-Алтеза унаасы шоро суусундугун саткан аялды сүзүп кеткен.

Унааны 25 жаштагы С.А. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Анда ал рулга ээ боло албай калган. Андан кийин айдоочу токтоп турган Фольксваген Гольф-3 унаасын сүзүп алган. Жабырлануучу аял шаардагы ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 274