• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

10 Баш оона 202110:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Турусбековдон баштап Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук түйүндөрүн күз-кышкы мезгилге даярдоо иштери жүрөт. Мындан тышкары Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түйүндөрүнүн камерасын реконструкциялоо иштерине байланыштуу 20-августка чейин автоунаанын каттоосуна жарым-жартылай чектөөлөр коюлат.

Мэрия айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 98