• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте уникалдуу World Press Photo 2018 аттуу көргөзмө өтөт

10 Үчтүн айы 20199:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 10-январында Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде жыл сайын өтүүчү уникалдуу World Press Photo 2018 аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Көргөзмөдө, өткөн жылдын маанилүү окуялары тууралуу мыкты фотосүрөттөрдү көрө аласыздар. Калыстар тобу, 125 мамлекеттин 4,5 миң фотосүрөтчүснөн келген 73 миң сүрөттү кара чыгышкан. Сынактын жыйынтыгында 42 адам утуучу жана байге алуучу болуп таанылган. 2019-жылдын 11-24-январында гана дүйнө жүзүнүн журнулисттеринин мыкты фотосүрөттөрүн шаар тургундары жана коноктор көрө алышат.

Д World Press Photo 2018 көргөзмөсү – бул фотожурналистика жаатындагы эң ири беделдүү эл аралык утуучулардын иштерин камтыган көргөзмө. Жыл сайын ММКнын профессионалдуу фотосүрөтчүлөрүнөн жана фоторедакторлорунан турган көз карандысыз калыстар, дүйнөнүн булуң бурчунан келген фотожурналисттердин, агенттиктердин, гезит жана журналдардын иштерин ар кандай тогуз категориянын негизинде аныкташат.   

Теги:
Количество просмотров: 17