• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте уу коргошундан ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү

20 Чын куран 2021 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уу коргошундан ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бейтапты ооруканага тез жардам кызматы жеткирген. Аны Бишкек шаардык Ыкчам медициналык борборунда ырасташты.

«Бүгүн таңкы саат 5.00дө чакыруу болгон. 63 жаштагы киши өтө оор абалда болчу. Аны биз Кардиология жана терапия улуттук борборуна жеткирдик. Ооруканада ал киши уу коргошун ичкенин айтты», — дейт Ыкчам медицина борборунун өкүлү.

Белгилей кетсек, уу коргошунду президент Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденциянын аймагында даярдап, аны Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтаптарга каршы колдонууда.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 208