• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте өзгөчө акция өтөт

3 Кулжа 201917:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Эртең, 4-июнда Республикалык кан борборунун колдоосу менен «Кан тапшырып адам өмүрүн сакта» аттуу акция өтөөрүн уюштуруучулар кабарлашты.

Бул саамалык алты жылдан бери онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган балдарды колдоо максатында өткөрүлүп келет.

«Дени сак ар бир каалоочу кан тапшыруу менен балдардын өмүрүн сактап калууга салым кошо алат»,-деп билдирет уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, иш-чара саат 9.00дөн 14.30га чейин Абдрахманов, 191 дарегинде болот.


Теги:
Количество просмотров: 20