• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте жүрөк кемтигине арналган марафонго 3 миң адам катышты

6 Тогуздун айы 2019 21:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда «Мол булак Күз деми» аталышындагы эл аралык марафону болуп өттү.

Маалыматка ылайык, Чуркоого 3000дин тегерегиндеги адам катышып, «Бишкек — «Манас» аэропорту» унаа жолунда 3, 10, 21 жана 42 чакырым аралыкка чуркап, чоңдордун саны 2711, жаш балдардын саны 300дү түзгөн.

«Мол булак Күз деми» аталышындагы эл аралык марафон кайрымдуулук негизде өтүп, ар бир катышуучунун төлөгөн каражатынын 100 сому жүрөгү ооруган балдарды дарылоого берилет,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, баш байгеге 42 195 сом коюлган.

Количество просмотров: 36