• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу качып кеткен эмес

17 Баш оона 202013:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жөө адамды унаа сүзүп, жаракат алган жаран каза болду. Бул тууралуу Govori. TVга Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августка караган түнү болжол менен саат 00:00дө Манас менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа 30-35 жаштагы аял кишини сүзүп алган. Жол кырсыгына кабылган аял алган жаракатынан каза болгон.

«30-35 жаштагы аял кишини сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт»,-деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары айдоочу качып кеткенин жазышкан эле.

Количество просмотров: 300