• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте жоолук күнү белгиленет

1 Бирдин айы 201913:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

 “Умма” ислам журналы эл аралык жоолук күнүнө карата Бишкекте иш-чара уюштурат. Анда аялдарга пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты жоолук салынган кыздардын көйгөйү, алар тууралуу коомдо калыптанып калган ой-пикирлерди жокко чыгарууга чакыруу. Мындан тышкары кыз-келиндерди үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук темаларында диалогго чакырууну көздөйт.

Дүйнөлүк жоолук күнү 2014-жылдан бери 1-февралда белгилене баштаган. Демилге АКШнын Нью-Йорк шаарынын тургуну Назма Ханга таандык. Ал эми Кыргызстанда бешинчи жолу белгиленип жатат.

Булак: “Азаттык”

Теги:
Количество просмотров: 116