• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте журналист Чынара Асанованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

23 Жалган куран 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта Бишкекте журналист Чынара Асанованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу иш-чарасы саат 12:00дө Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү, 15-үйдө өтөт.

Эске салсак, Асанова 22-мартта узакка созулган оорудан кийин каза болду.

Чынара Асанова 1965-жылы 7-майда туулган, Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Ал журналистика тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматын жетектеген, андан тышкары «Кабар» КУМАда жана КР президентинин аппаратында иштеген.

Количество просмотров: 12102