Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылышы 11-июнь күнү саат 11:00 болот.
Белгилүү болгондой, манасчынын эстелиги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы «Манас» архитектуралык спорттук комплексине коюлат.
Кошумчалай кетсек, Жусуп Мамай уулу 1916-жылы туулган. Жети жашынан кат таанып, «Манас» эпосунун сегиз урпагына чейин айткан. Кытайлык кыргыздардан чыккан чыгаан манасчы 2014-жылы дүйнөдөн кайткан.