• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте жыл башынан бери балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталган

19 Чын куран 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 17,3 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын үч айында Бишкек шаарынын аймагында балдардын катышуусунда 93 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 учурга аз.

Кырсыктан 105 бала ар кандай жаракаттарды алып, өткөн жылга караганда 25 өспүрүмгө азайган.

«Жалпысынан алганда 2021-жылдын 1-чейрегинде жаш балдар катышкан жол транспорт кырсыктары 2020-жылдын 1-чейрегине салыштырмалуу 17,3 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүч Бишкек шаарынын аймагындагы 101 жалпы билим берүүчү мектепке бекитилген кызматкерлердин мектеп окуучуларына жана жалпы өспүрүмдөргө жол эрежелерин сактоо боюнча жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин жыйындысы десек болот.», — деп кошумчалашты Милициянын кайгуул кызматынан.

Количество просмотров: 71