• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте жылуулук 19-мартта өчүрүлөт

18 Жалган куран 201911:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкек шаарына жылуулук берүүнү токтотуу маселеси чечилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Рысбек Сарпашев “Govori.TVга” билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 11:00 Бишкек ТЭЦде чукул жыйын өттү. Комиссиянын чечими боюнча жылуулук берүү 19-мартта токтотулат.

Буга чейин жылуулук берүүнү өчүрүү маселеси 25-марттан кийин чечилээри айтылып келген.

Эске салсак, кабыл алынган норма боюнча, эгер беш күн бою орто эсеп менен абанын температурасы +8 болуп турса жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу буйрукка кол коюлат.

Теги:
Количество просмотров: 21