Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №67 мектептен бомба изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Азыркы учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана кинологдор иштеп атышат, балдар жана кызматкерлер имараттан эвакуацияланды.
Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.