Бишкек шаарындагы дүкөндө алмалар салынган кутунун ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 22 жаштагы О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкектин аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүздү.
“Алмалар салынган кутунун ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кочкул-күрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 кг 874 гр болгон. Ошол эле күнү О.Н. кармалып, Ленин райондук милициясына жеткирилген. Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.