• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектеги Ош базарында өрт чыкты

30 Аяк оона 2021 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ош базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Кыял” базарында бут кийим оңдоочу, 17 даана кийим тигүүчү машиналар, идиш аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнерлер ( повильон) жана темир устундуу пластмас менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Ошондой эле эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы ээриген.

Өрттү өчүрүүгө №8 АӨКБдөн бир бөлүмчө жана суу ташуучу унаа, №5 ӨККБдөн 1бөлүмчө, штаб тартылды.
Өрт саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлдү.

Учурда, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 250