• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабаган айдоочу 20 күнгө камакка алынып, №1-СИЗОго которулду

29 Аяк оона 2018 16:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.09.2018.Govori.TV.
Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочунун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 20 күнгө камакка алынып, №1-СИЗОго которулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айдоочунун баш коргоо чарасын Свердлов райондук соту карап чыгып, аны 20 күнгө СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон, ал 26-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, 25-сентябрда интернетке Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын жумушчусун айдоочунун уруп, тепкен видеосу тараган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.
Количество просмотров: 7