• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги жардыруу боюнча премьер-министр тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди

8 Жетинин айы 2019 17:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 215