• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкектеги жол кырсыктан 21 жаштагы жигит көз жумду

25 Бирдин айы 201911:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Бишкек шаарында 24-февраль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында жол кырсыгы болду. АКИpress агенттигине ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27 жаштагы Н.Д. «Фольксваген Гольф-5» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, А.Токомбаев көчөсүнөн батыш тарапка бара жаткан.

Бул унаа №3 Б батирдин маңдайынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, катуу жаракат алган 21 жаштагы К.Р. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабастан ал көп узабай каза болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон материалдар Бишкек ШИББдин тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 31