Россиялык белгилүү блогер Илья Варламов Ош шаарына келди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Ал борбордук көчөлөрдүн бириндеги таштандыларды жана цемент плиткасы менен капталган люктарга көңүл буруп, тартып жүргөн.
Анын айтымында ага мэриянын кызматкеримин деген аял келип сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салганын айтып кайрылган.
Эске салсак, россиялык блогер буга чейин да Кыргызстанга келген. Ал Бишкекке 2020-жылдын 2-сентябрында келген. Эртеси ал шаарды изилдөө үчүн жөнөп, борбор калаанын жолдорунун сапатсыздыгын айтып, сын пикири менен бөлүшкөн. «Бүгүн мен ушул жерде, ушул тротуарларда буттарымды сындырбасам, анда мен корккон эч нерсе жок. Качып бара жатып шаарды изилдөө коркунучтуу», — деген Варламовдун Кыргызстан тууралуу репортажы талкууга алынган болчу.