Бишкектиктер быйыл кыштан чыгабы же ыштан чыгабы?

50
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкекти кара түтүн каптап жатканына байланыштуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында борбордогу жылуулук электро борбордогу мыйзам бузуулар да буга себеп болууда. Анткени оңдоп-түзөө учурунда түтүн чыгуучу түтүктү 30 метрге кыска кылып коюшкан.
Мындан сырткары шаардагы көп кабаттуу үйлөр дагы мыйзамсыз салынып, жел жүрбөй жатканына байланыштуу атайын аба соргучтарды орнотуп, маселе чечсе болмок деген оюн билдирди.