Бишкектин айрым көчөлөрү 2 күн боюу маал-маалы менен жабылат (тизме)
Бишкектин айрым көчөлөрү 2 күн боюу маал-маалы менен жабылат (тизме)
5 Кулжа 202316:52 Бишкек Govori.TV
Катар эмиринин 6-7-июнундагы Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
«Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чек арасына чейин:
Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү:
Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү:
Чүй кеңе көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү:
Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү:
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин.
ЖКККББ алдыдагы сапар мамлекеттик маанидеги иш-чара экендигин эске салып, айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.