• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектин чок ортосунда бир нече унаа кагышты

17 Жалган куран 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына жакын жердеги Киев көчөсүндө ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга жарыялады.

Маалыматка караганда, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жолдун четинде токтоп турган бир нече автоунаа дагы жабыркаган.

Милициянын кайгуул кызматы кырсык болгон жерде тийиштүү кызматкерлер иш алып барып жатканын жана толук маалымат берилерин билдирди.

Количество просмотров: 582