• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күн жабык болот (тизме)

23 Жетинин айы 202214:05 Бишкек Govori.TV

Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-25-26-27-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.

Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Жибек Жолу кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
  • Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.

Белгилей кетсек, «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.

Количество просмотров: 280