• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бюджет кодексине сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлат

1 Бирдин айы 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште бүгүн, 1-февралда Бюджет кодексине сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлат.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бюджет кодексин өзгөртүүнү өкмөт сунуштап жатат. Документти депутат Марлен Маматалиев өкмөт менен биргеликте иштеп чыккан.

Долбоордо бюджеттин дефицити ички дүң продукциянын 3 пайызынан, ал эми мамлекеттик карыздын чеги 70 пайызынан ашпашы керектиги сунушталган.

2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 477 миллион долларды түзгөн. Өлкөнүн бересеси бир айда 50 миллион долларга өскөнү Финансы министрлигинин маалыматында айтылат. Былтыр октябрдын аягындагы маалыматта бул эсеп 4 миллиард 427 миллион болчу.

Сумманын 3 миллиард 838 миллион доллары — сырткы, 639 миллион доллары — ички карыз.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Бишкек ага 1,7 миллиард доллардан ашуун сумма бересе. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыр ички дүң өнүмдүн 56 пайызынан ашканы айтылган. Эл аралык тажрыйбада мамлекеттик карыздын 60 пайызга жеткени кооптуу «кызыл чек» катары кабыл алынат. 

Булак: Азаттык

Теги:
Количество просмотров: 6