• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер Афтандил Жоробеков боюнча Акыйкатчы үн катты

3 Бештин айы 2019 9:44 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 27-ноябрында көптөгөн интернет басылмаларында КР УКМКсынын БТБ «Bespredel.kg» сайтынын администратору Афтандил Жоробековду аймактык ажырымды козутууга шектелгендиктен кармаганы тууралуу маалымат тараган. Бул учурда КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Токон Мамытов иш сапары менен Ереван шаарында (Армения) жүргөн. Бул тууралуу Акыйкатчысынын Басма сөз кызматынын комментарийи тарады.

Иш сапарында болгонуна карабастан, ага блогер Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат жеткирилген. Акыйкатчы Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын жана анын аппаратынын мандатына ылайык, ыйгарым укуктарына каралган бардык тийиштүү чараларды көрүүнү, келип чыккан жагдайды ар тараптуу карап чыгуу, эгер А.Жоробековго жардам берүү зарылдыгы келип чыкса анын конституциялык укук жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган. 2019-жылдын 29-ноябрында Акыйкатчы аппаратынын Жарандык –саясий укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери УКМК ТИЗОсуна барып, камакка алынган блогер Афтандил Жоробековго жолукту.

Жолугушуу маалында А. Жоробековдун жанында жеке жактоочу Тимур Султанов менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчисинин орун басары Бектур Осмонбаев болгон. Андан тышкары, Акыйкатчынын өкүлү менен бирге Кыйноолорго каршы улуттук борбордун эки өкүлү дагы камактагы адам менен маектешти.

«Афтандил Жоробеков тарабынан кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттануу болгон жок. Камактагы адам өзү маалымдагандай, убактылуу кармоочу жайга кирип жатканда фельдшер текшерген, ден соолугуна даттануу жок. Ошондой эле ага карата коркутуу жана кыйноолор болгон эмес. “Менде эч кандай даттануум же дооматым жок, эч жакка кайрылайын деген да оюм жок” –деп айткан».

Акыйкатчы аппаратына А.Жоробековдун туугандарынан да эч кандай арыз же кайрылуу келип түшкөн эмес.

КР Акыйкатчысы жана анын аппаратынын кызматкерлери тарабынан ыкчам жана баарын камтыган чаралар анын мандатында каралган алкактагы ыйгарымдарга кирген аракеттер көрүлгөн.

Количество просмотров: 253