• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Боом капчыгайында жол кырсыгынан эки жүргүнчү каза болду

15 Жалган куран 20219:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында болжол менен саат 19:50дө «Мазда» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Анда айдоочу рулду башка албай калган. Натыйжада ооруканага бара жатканда эки жүргүнчү каза болгон.

Аталган факт Кемин райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган

Количество просмотров: 3053