• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Боорум ооруйт». Президент Жапаров Жээнбековго добуш бергенинин себебин айтты

29 Жетинин айы 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров №26 Ленин бир мандаттуу округунда абактагы Равшан Жээнбековго эмне үчүн добуш бергенин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

«Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат.
Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.
Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө.
Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем», — деп жазган президент.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров №26 Ленин бир мандаттуу округунда абактагы Равшан Жээнбековго добуш бергенин «Евразиянеттин» («Eurasianet») редактору Питер Леонард социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан болчу.

Количество просмотров: 1797