• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Борборго газ менен жүргөн 350 автобус алып келинет

11 Бугу 2021 14:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясында Шаардык траспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматтыштык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумга ылайык “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясы үстүбүздөгү жыл аралыгында газ менен жүргөн Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон үлгүсүндөгү 350 экологиялык автобус алып келүүгө милдеттендирилет.

“Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылы 1-июлга чейин жеткирилет”, — деп айтылат мэриянын малыматында.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте экологияны жана таза абаны сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин билдирди.

Белгилүү болгондой, 2022-2023-жылдар аралыгында “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясы газ менен иштеген, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташкан 9, 10, 12 метрлүү автобустардын санын 1 миңге жеткирүүнү пландоодо.

Эскерте кетсек, бир ай мурун “Самарканд автомобил заводу” ЖЧК өзбек өнөктөштөр менен жолугуу учурунда аталган меморандумга кол коюу тууралуу макулдашуу жетишилген.Бишкекке газ менен жүргөн 350 автобус алып келинет 

Количество просмотров: 166