• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Боронов: Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек

8 Теке 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек деген тапшырма берди.

«Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Мына ошого байланыштуу дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө.

Боронов дарыгерлердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышарына ишене турганын айтып,  Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырды.

Количество просмотров: 146