• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Боронов: Тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарыл

22 Кулжа 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Түз байланыштагы 118 кызматына кайрылган жарандар тийиштүү маалыматты ыкчам түрдө алуусу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезексиз кеңешмесинде билдиргендигин, өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

«Көптөгөн жарандар адистердин кеңешин алуу үчүн 118 түз байланыш кызматына чалып, ала албай жаткандарын билдирип нааразы болууда. Жарандар өзү жана жакындары үчүн кабатыр болуп жаткандыгын түшүнүү керек. Алардын тынчсыздануусун жаратпоо максатында түшүп жаткан чалууларга ыкчам жооп кайтаруу зарыл. Эгерде операторлор жетишсиз болсо, оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Адамдар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет», — деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

«Социалдык тармактарда тигил, же бул ооруканада бейтаптарды кабыл албай жаткандыктары тууралуу маалымат таркатылууда. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек кездешүүдө. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек жана мындай учурда орундардын жетишсиздиги маселеси келип чыгуусу мүмкүн. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу корнавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек», — деп билдирди ал.

Буга катар өкмөт башчы дарты аныкталган бейтаптар үчүн кошумча орундарды түзүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Ар күн сайын оору жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Учурда биздин милдетибиз көмөк сурап кайрылган жактар менен ырааттуу иш алып барууда турат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандардын саны өсүшү мүмкүн. Ошондуктан бейтаптар жаткырылчу жайларды камсыздоо керек. Бул өлкөнүн бардык региондоруна тийиштүү. Аны менен катар медициналык кызматкерлер тууралуу да унутпашыбыз керек. Алар үчүн «таза зоналарда» шарттарды жакшыртуу керек. COVID-19 кесели аныкталган адамдардын тагдыры алардан көз-каранды», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр жарандар тарабынан социалдык обочолонуу жана санитардык эрежелер талабын аткаруу зарылдыгы тууралуу маалыматтык кампанияны күчтөндүрүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 96