• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Британиялык режиссердун драмасы Бишкекте коюлат

23 Чын куран 2018 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

Бишкекте биринчи жолу британиялык белгилүү режиссер Сара Бержердин “Макбет” драмасы көрүүчүлөргө тартууланат. бул тууралуу драматург Султан Раев “Govori.TV” маалымат агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, бул драма Уильям Шекспирдин пьесасынын негизинде даярдалып, англис тилинде Орто Азия боюнча биринчи жолу кыргызстандыктарга тартууланып жаткан экен. “Ушул жылдын 1-2-3-4-май күндөрү Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коюлат. Кыргыз сахнасындагы алгачкы бул саамалыкка катышып, англист театрынан таасир алууга көрөрман мекендештерибизди чакырабыз”,-деди Султан Раев.

Эске сала кетсек, Султан Раевдин бир катар драмалары чет өлкөлөргө коюлуп, драма сынчыларынын купулуна толуп келет.

Количество просмотров: 33