Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.
БШК Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун текшербейт. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү анын жеке маалыматын текшерүүгө макулдугун берген жок. Бахадыр Сулейманов өзү Казакстандын жаран эместигин айтууда. «Менде Казакстандын жарандыгы жок экендигин тастыктоочу баардык документтер бар», -деди ал.
Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун БШК текшерүүгө алсын деген талап койгон.
Булак: 24кж