• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БУУ Кыргызстандын демилгеси менен тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

16 Бештин айы 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Кыргызстандын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынды. БУУнун 109 мүчө мамлекети ага авторлош катары кошулду.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилге КР президенти Садыр Жапаровго таандык. Мамлекет башчы аны 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында жарыялаган.

Быйылкы жыл ичинде КР Тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн чет мамлекеттердеги мекемелери бул демилгени тажрыйба түрүндө ишке ашыруу боюнча ири кампания уюштурушту. Резолюцияга колдоо катары БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргызстан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрдү. Анын жыйынтыктоочу билдирүүсү БУУнун Башкы ассамблеясынын расмий документи катары кабыл алынып, БУУнун мүчө мамлекеттерин резолюцияны колдоого чакырат.

“Беш жылдыкты” жарыялоо тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде КР экономикасына, “жашыл” экономиканы жана технологияларды өнүктүрүүгө тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты бекемдөө үчүн финансылык механизмдерди түзүүгө, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы аракет жасоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга гранттарды жана инвестицияларды тартууга кеңири жол ачат.

Резолюциянын кабыл алынышы КРнын көп жылдардан берки тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана анын бул маселедеги лидерлик позицияларын эл аралык деңгээлде тастыктоо болуп саналат.

Количество просмотров: 80