• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Быйыл президентке 600 бала кат жазды

26 Бештин айы 201812:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.12.2018. Govori.TV

Ушул жылы 600 бала президент Сооронбай Жээнбековго кат жазды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна президенттик апараттын өкүлү Кыял Жанызакова билдирди. Анын айтымында, өлкө башчыга кат жазган балдардын саны соңку үч жылда көбөйгөн.

«Бири батир сурайт, дагы бири китеп же оюнчук сураган. Алар өлкө башчыны Аяз ата катары көрүшөт. Колдон келишинче кыялдарын аткарганга аракет кылдык»,-деп билдирди ал.

Бүгүн, 26-декабрда Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамы өтүп жатат. Ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышууда.

Быйылкы балаты майрамында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып көрсөтүлөт.

Теги:
Количество просмотров: 27