• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Центерра Голддун» директорлор кеңешинин жаңы курамына үч Кыргызстандык кирди

3 Бугу 2019 12:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.

Канадалык «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин 11 адамдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан бул жолу Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында кабарланды.

Кеңештин калган мүчөлөрү Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович. Билдирүүдө айтылгандай, компаниянын акционерлери кеңештин жаңы курамын 1-майда Торонтодо шайлашкан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы курамында Аскар Өскөмбаев, Бектур Сагынов жана Эдуард Кубатов мүчө болчу. Алар 2016-жылы «Кыргызалтын» «Центерра Голддун» жетекчилигинин саясатын сынга алып, «ушул үч талапкерден башка кыргызстандыктар сунушталса, добуш бербей турганын» билдиргенден кийин шайланышкан.

Былтыр «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө эки жылдан бери дивиденддерди төлөбөй келгени белгилүү болгон.

Мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасы канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ири акционерлеринин бири, компаниянын 32 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.


Теги:
Количество просмотров: 7