• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды

23 Аяк оона 2019 9:06 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районунда 14 жаштагы өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын жакындары ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып 22-сентябрда милицияга кайрылышкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын сөөгү Кемин шаарында кароосуз калган үйдөн табылган.

Кызды өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 20-сентябрь күнү кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көргөн. Аны күч менен алып барып, зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө бир нече сокку урган. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Бул факт Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 131