• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө 3 жаштагы кыз каналга түшүп кетти

27 Баш оона 20209:51 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунда 3 жашар кыз каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-августта Чүй облусунун, Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен.

«Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Жайыл районунан 5 куткаруучу тартылып, саат 20:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери бүгүн, 27-август күнү улантылат.

Количество просмотров: 209