• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө чөптүн баасы эки эсе кымбаттады. Башка аймактарда абал кандай?

29 Кулжа 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда малдын чөбүнүн баасы кескин көтөрүлүп, быйыл Чүй облусунда чөптүн баасы жылдагыдан кымбат. Бүгүнкү күндө Чүйдө талаадан алынган баа 250 сом болсо, базарларда 310 сомдон сатылууда.

Кемин районунун тургуну Рысбек Жолдошбаевдин айтымында, чөптүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе кымбаттаган.

«Мисалы, былтыркы жылы ушул эле чөптүн баасы 130-150 сом болчу. Быйыл салыштырмалуу абдан эле кымбат. Баанын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу эл 2 уйуна чөп ала албай калды»,-дейт Кемин районунун тургуну Жолдошбаев.

Аймактардагы чөптүн баасы:

  • Чүй облусунда 250 сомдон сатылса, базардагы орточо баасы- 310 сомду түзөт;
  • Ош облусунда талаадан 240-250 сомдон сатылса, базардагы баа – 275 сомду түзөт;
  • Жалал-Абад облусунда базардагы орточо баа – 250 сом;
  • Баткен облусунда орточо баа – 275 сомду түзөт;
  • Нарын облусунда- 180-200 сомду түзөт;
  • Ысык-Көл облусунда 230-250 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, баалардын өсүшү күндүн ысык болуусу менен суунун тартыштыгына байланыштуу. Ошондой эле коңшулаш республикалардагы муктаждык. Алсак, Казакстан менен Өзбекстанда кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы байкалат.

Количество просмотров: 5163